Жаңылыктар | 25.10.2024 | Төрага гимн өзгөрөрүн айтты, Москвадан кайтарылган мигранттар

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимн өзгөртүлө турганын, ал оңой ырдап кеткидей жазылышы керектигин айтты. Спикердин демилгеси коомдо талаш-талкууну жаратты. Украинанын эки аймагында Орусиянын чабуулдарынан дагы эки кишинин өмүрү кыйылды. Украина Орусия түндүк кореялык аскерлерди Курск облусуна жөнөткөнү тууралуу маалыматы бар экенин билдирди. Ютубдагы “За правду” баракчасынын ээси Азамат Карабаевди Ноокат райондук соту 22-ноябрга чейин камакка алды. Ал буга чейин аймактагы көйгөйлөрдү чагылдырып келаткан. 0:00 Анонс: 1:00 Спикер Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө турганын билдирди 4:31 Москванын Шереметьево аэропортунда ондогон кыргызстандык артка кайтарылды 5:50 Орусиянын соңку чабуулдарынан Украинада эки киши каза болду 10:30 Reuters: Суданда кыйраган учакта Бут менен байланышы бар ишкер да болгон 12:39 Ютубдагы “За правду” баракчасынын ээси Азамат Карабаев 22-ноябрга чейин камалды 13:34 Жапониядан келген балет бийчилери #бүгүназаттыкта #жанылыктар #шакиев #гимн _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также