Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
сөзү,обону : Машхур Мухаммад Эй досум айтчы неге абалың мындай, Ааламдын тардыгы эзип жатабы. Же досум жашоодо бир кана сенин, Арманың дүйнөңдү кезип жатабы. Ишиңде көңүл жок Үйүңдө тынчтык, Тагдырдын оордугу согуп жатабы. Алың жетпегендей Оор күндөрдө, Ээң жакын досторуң Чанып жатабы. Сыгылба бул жаның Денеңде коноктур. Жашооңдо жакшылар Жаман да болоттур, Издесең табылат Ар бир ишке айла. Тагдырыңа баш ийбей Сен барасың кайда, Жакшыдан жамандан Жайнаган адамдан Иштүүдөн,күчтүүдөн Калаар бул дүйнө. Бузулган адамдан Буйрубас жамандан Бузуку замандан Издебе күнөө. Мейли күн мейли түн Мейли таң мейли шам Мейли дос не кылсаң Арга жоктур ай. Азгырып кеткенден Арманга жеткенден Азапты чеккенден Сактасын КУДАЙ. 2-куплет. Бир кем дүйнөнүн Мыйзамы ушундай Бир күнү андай да Бир күнү мындай. Көңүлүң өмүрдүүн Оту учкундай Тез жанып өчүшүң Туюп жатабы эй. Кайгыга берилбе Кайгырдым дебе Ойлонуп отурба Тур андан көрө. Сыноону жеңгендин Айласын изде Жок дегенде жүрөгүң Угуп жатабы эй. Сыгылба бул жаның Денеңде коноктур, Жашооңдо жакшылар Жаман да болоттур. Издесең табылат Ар бир ишке айла, Тагдырыңа баш ийбей Сен барасың кайда. Жакшыдан жамандан Жайнаган адамдан Иштүүдөн күчтүүдөн Калар бул дүйнө. Бузулган адамдан Буйрубас жамандан Бузуку замандан Издебе күнөө. Мейли күн мейли түн Мейли таң мейли шам Мейли дос не кылсаң Арга жоктур ай. Азгырып кеткенден Арманга жеткенден Азапты чеккенден Сактасын КУДАЙ. Ойлонбо досум! Бүгүн сени эң жакын адамдарың түшүнбөй жаткандай сезилиши мүмкүн. Балким Сен күткөн ийгилик келбей жатса керек. Бирок унутпа — жүрөгүң согуп турганда, жашоо улана берет. Бул сыноо да өтөт. Кудай сынайт, бирок сабыр кылганды колдойт. Сен жалгыз эмессиң. Үмүт бар. Токтобо. Бүгүнкү жашооңо шүгүр кылсаң,эртеңки күн сенин күнүң болот.