Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыйчалыш маалда ойготкуч акыны болгон элдин келечеги бар. Кыргызстандын Ички Теңир-Тоосунун койнунда, Ат-Башы жергесинде 1950-жылы 23-февралда туулган Кыргыз Эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык мааракесине арналган тасманы сунуш кылабыз. Тасмада акындын замандаштары анын "Агындылар" китебинен үзүндүлөрдү окуп беришти.