"КАМЧЫБЕК жана КЫДЫРША" ТАШИЕВДЕР САЛГАН ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ АЛГАЧКЫ НАРИСТЕЛЕР ТӨРӨЛДҮ...

Эне жана баланы коргоо борборунда 12ден 13 минута өткөндө биринчи төрөт катталды. Бек-Абад айылынын тургуну Мадина Осмонова экинчи уулун жарык дүйнөгө алып келди. Алардын үй-булөсу жаңы төрөлгөн наристени УККМКнын төрагасы, генерал Камчыбек Ташиевдин атын коюшту. Ошентип, Камчыбек Рустамов жарык дүйнөгө келди. Ал эми экинчи төрөт 12ден 20 минута аралыгында катталды. Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнүн тургуну Айназик Төрөмаматова уул төрөдү. Жаңыдан эне болуу бактысына ээ болгон келин кубанычы менен бөлүшүп, дарыгерлерге ыраазычылык айтты. Жаңыдан ачылган Төрөт үйүндө сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө даяр. Мында бүт шарттар түзүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Борбордо кесипкөй дарыгерлер Бишкектен бери тартылып, тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Белгилей кетсек, Баатыр Эне Алийма Ташиева атындагы Эне жана Баланы коргоо борборун Ташиевдердин үй бүлөсү өз каражатына куруп, мамлекетке өтөрүп берген. Медицианлык борбордун ачылыш аземине 13-май күнү Президент Садыр Жапаров жана генерал Камчыбек Ташиев катышкан.

Смотрите также