"Ак Шоола" балдар хору - Апакем

Обону, сөзү Гүлмира Эсенгулованыкы Солисттер: Бир туугандар - Каныбек уулу Муслим, Каныбек кызы Анель жана Адель Текст: Аба суусуз өскөн гүл, Ал да гүлбү? Асманында Айы жок, Ал да түнбү? Кучак толо гүл болсо да, Келип колго Ай консо да, Апасыз өскөн күн да күнбү? Апасыз өскөн күн да күнбү? Апасыз өскөн күн да күнбү? Сен барда мен эрке, Койбойм оюнду, Сен барда, бир кырсык Тоспойт жолумду. Жарым мүнөт жок болсоң, Жалгызмын ааламда, Апа, карма колумду. Сен жокто мен ошол Суусуз гүлгө окшойм. Сен жокто үй ошол Айсыз түнгө окшойт. Гүл жыттанып айланам Сен барда Ай ырдайт, Күн да, аалам бүт коштойт. Апа, апа, апаке, Жүрчү аман. Сен бар үчүн ыр ырдайт, Жаман балаң. Кучак толо гүлүм сенсиң, Асманымда Айым сенсиң, Гүлүм сенсиң, апакебай, Күнүм сенсиң, апакебай, Сен бар үчүн ырдайм, апа! Сен бар үчүн ырдайм, апа! Сен бар үчүн ырдайм, апа! Сен бар үчүн ырдайм, апаке! #АкШоола #АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола #Апакем

Смотрите также