28-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жаңы түзөтүү мекемеси колдонууга берилди. Эки жыл аралыгында курулуп, бүткөрүлгөн обьект Бай-Мундуз айылынын жаныныдагы 13 гектар жер тилкеде жайгашып, бүт талаптарга жооп берет. Соттолгон жарандарды кармоочу жай 1250 орунга ылайыкташып, кошумча 10дон ашык өндүрүштүк ишканалары менен бир аянтчага салынды. Ал жайда соттолгондор жумуш менен камсыз болуп, айлык-маяна алып, укуктары корголгон абакта жазаасын өтөшөт. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники
https://ok.ru/region.kyrgyzstan REGION TV @ Телеграм