Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жаңы имарат курууга капсула салынды

🔸Баткен облусунда юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. 🔸Иш - чарага Юстиция башкармалыгынын башчысы А.Зияев, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Исаков, Баткен районунун акими У. Жоробаев, Баткен шаарынын мэри И. Бурканов, ошондой эле юстиция башкармалыгынын кызматкерлери катышты. 🔸35 миллион сомдук жаны имараттын курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланууда. 🔸Курулуш иштерин аяктоо 2025-жылдын биринчи кварталына пландаштырылган. Жалпы аянты 600 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар менен жабдылат. 🔸Учурдагы юстиция башкармалыгынын имараты 1979-жылдан бери иштеп келе жатат жана заманбап талаптарга жооп бербейт. 🔸Жаңы имаратта Юридикалык жардам кызматы, Пробация департаменти, мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү, ошондой эле жарандарды тейлөөчү башка бөлүмдөр жайгашат. #minjust #minjustkg #minjust4you

Смотрите также