Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Айылда мындай нерсе жашырылбайт эмеспи, жолдошумдун бир аял менен мамилелеш болуп жүргөнү угулду. Нес болуп калдым. Өз көзүм менен көрүп, ишенгим келди. Кечкурун айтылган дарекке бардым.– Уул төрөп бер, асылым, сенден мындан башка эч нерсени күтпөйм,- деген Нурдиндин эркелетип жатканы угулду.– Ошон үчүн эле келип жүрөм дечи?- деп назданган аялдын үнү кулагыма шак этти.– Артымда туяк калса дейм. Кыз эмне, эртең бирөөнүн катыны болот, чоңойтуп койсо кетти ошол боюнча...Ушу сөздөрдү угуп, эшикти шарт ачып кирип бардым.