Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Казыбек казалчынын өмүрү жана чыгармычылыгы жөнүндө даректүү фильм
Казыбек казалчынын өмүрү жана чыгармачылыгы кенен баяндалган. Казыбек казалчынын өмүрү совет бийлиги Кыргызстанга келгенден кийин колхоздоштуруу иш-чаралары башталып, колунда бар байларды ортого салуу саясаты жүргөн мезгилге дал келет. Бийлик колунда бар, оокатка тың үй-бүлөлөрду алыска аймактарга сүргүнгө айдаган, Казыбек казалчы да Россиянын Оренбург шаарына үй-бүлөсү менен сүргүнгө айдалган. Тирүү кезиндеги бүт өмүрү кордукта, азап-тозокто өткөн Казыбек казалчы өнөрүнүн аркасы менен эрксиз айдалып, сүргүндө жүргөндө да кадыр барктан тайбай жашаган. Эл арасында аты чала калган Казыбек Мамбетимин уулунун өмүр таржымалы менен кенен тааныша аласыздар.