Dasmia - мээнет менен курган дүйнө / Турусбек Чукуевич Мамашов / Жаратман подкаст

MBANK’тан “Байгелер марафону” башталды! Башкы байге — батир!
“Жаратман” подкастына кош келдиңиздер! Бул — адамдын ички дүйнөсү, шыктануу жана жашоонун маңызы тууралуу чыныгы маек. Бүгүн биздин конок — Турусбек Чукуевич Мамашов, ишкер, коомдук ишмер, “Дасмия” компаниялар тобунун негиздөөчүсү. “Айкөл-Ордо”, “Хан-Теңир”, “Кыргыз айылы”, “Чарпая” жана “Дасмия” фитнес-клубунун негиздөөчүсү. Ал — Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, жана СССР ураган оор мезгилде алгачкылардан болуп, ишкерлик жолун баштаган. Бирок каарманыбыздын жолу жеңил болгон жок: балалыгы татаал, эрте жаштан атасынан ажырады. Ал кино режиссёр болууну кыялданып, билим алган. Кийин чыгармачылык дүйнөсүнөн ишкердикке өткөн. Жубайынан айрылуу анын эң оор сыноосу болсо да, ал жашоого кайра кайтып келип, позитивдүү жашоо, энергия жана ишенимдин күчүн далилдеди. Турусбек мырзанын философиясы жөнөкөй: “Ар бир адам өз тагдырын өзү жаратат.” Бул маекте биз анын жашоо жолу, ишкердик философиясы, команда, туризм жана кыргыз коомунун баалуулуктары тууралуу сүйлөштүк. ☕️ Бул — жашоо, тагдыр жана адамдын ички жарыгы тууралуу маек. Бул — “Жаратман”, жана бүгүн биз менен — Турусбек Чукуевич Мамашов! Жаратманга салым кошуңуз: M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040 OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov) ►Биздин Instagram:   / jaratman_podcast   ►Биздин TikTok:   / jaratman_podcast   ►Биздин Telegram:
►Instagram Урмат Насыкулов:   / urmagramm   ►Продюсер:   / izat_mukhametaliev   ►Музыка:    • Кадыр Батырканов & Кылымдар - Эс Кирди   0:00 - 1:10 Анонс 1:10 - 2:34 Каарманды тааныштыруу 2:34 - 5:37 Балалыгы 5:37 - 6:36 Турмуш өзү тарбиялайт 6:36 - 8:10 Үй-бүлөдөгү саясат 8:10 - 10:54 Ата-энесин эскерүү 10:55 - 12:30 Жарнама 12:31 - 15:24 Эрте жашта атасынан айрылуу 15:30 - 19:39 Кичинекей кездеги кыял 19:39 - 24:00 “Кыялымды реалдуулукка айланттым” 24:01 - 32:49 СССР тарады: туура жолду тандоо 32:49 - 37:39 Жубайы тууралуу 37:41 - 40:05 Мамлекеттик кызматка баруусу 40:08 - 47:35 Өзү сыймыктанган иш-аракети 47:35 - 50:00 Туризм тууралуу 50:01 - 51:31 “Чарпаяга” саякат 51:34 - 59:55 Туристтер эмнеге көңүл бурат? 1:00:56 - 1:01:58 “Айкөл-Ордого” саякат 1:02:00 - 1:10:45 Той, тамак-аш тармагы 1:10:48 - 1:15:58 Кыргызстандын дүйнөдөгү орду 1:16:01 - 1:19:40 Ырыс алды - ынтымак 1:19:43 - 1:23:19 “Жаратман” тууралуу 1:23:22 - 1:39:32 Жаңы жашоонун сыры 1:39:34 - 1:42:25 “Дасмия” фитнес-клубуна саякат 1:42:30 - 1:47:58 Үй-бүлөсү жөнүндө 1:48:01 - 1:50:53 Менеджерлик: толук эркиндик же катуу тартип 1:51:03 - 1:54:09 Ишкерликтеги эң оор учур 1:54:12 - 1:57:12 Ар бир адам ишкер боло алабы? 1:57:14 - 2:00:00 62 жашында ата болуу 2:00:01 - 2:03:47 Чыныгы бакыт эмнеде? 2:04:04 - 2:06:15 Өзүм тууралуу тасма жаратсам… 2:06:18 - 2:08:28 Адам тагдырына таасир бере алабы? 2:08:30 - 2:09:55 Каалоо-тилек, кеңеш 2:09:58 - 2:11:24 Байге 2:11:25 - 2:12:59 Жыйынтыктоо

Смотрите также