Ишен Назаров - Өмүр | Жаңы ыр 2024

Ишен Назаров - Өмүр | Жаңы ыр 2024 с. Жылдызбек Турсунбаев о. Ишен Назаров 1 Бул өмүр кыска ирмелген, Конокпуз анда бир келген. Жашообуз турсун дайыма, Бактылуу гана күндөрдөн. КАЙЫРМА: Эх, чиркин тагдыр ушундай, Бакытты карма учурбай! Сыйлашып жашап өтөлү, Адамдык пейил бузулбай! Эх, чиркин турмуш ушундай, Бакытты карма учурбай! Жаркырап күлүп жашайлы, Мезгилге такыр утулбай! -2-куплет Калпеле тууган болушпай, Жашайлы көңүл оорутпай! Сагынып, каалап күтсөк да, Калабыз бир күн жолукпай… КАЙЫРМА: Эх, чиркин тагдыр ушундай, Бакытты карма учурбай! Сыйлашып жашап өтөлү, Адамдык пейил бузулбай! Эх, чиркин турмуш ушундай, Бакытты карма учурбай! Жаркырап күлүп жашайлы, Мезгилге такыр утулбай!

Смотрите также