Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ж.Токторбаев Айтиев жана Осмонов, Көкүм-Бий көчөлөрүнүн үстүнөн курулуучу эстакадалык көпүрө
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында алгач Айтиев жана Осмонов, Көкүм-Бий көчөлөрүнүн үстүнөн курулуучу эстакадалык көпүрөнүн долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан ары Көкүм-Бий көчөсүндөгү 280 балага ылайыкташкан №18 бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыгып, курулуш иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берди. 🔶 Ошондой эле Ош унаа базарынын бир бөлүгү (корея унаа базары) оңдоп-түзөөдөн өтүп, эртең толук ачылып, пайдаланууга берилет. Бүткөрүлгөн жумуштун сапатын калаа башчы жеринен көрүп чыкты.