Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Арстанбек Буйлаш уулу Манасчылар жөнүндө айтканы Асылбек Маратов.
Арстанбек Буйлаш уулу залкар замандаштарын эскерип,тулпар Манасчы Келдибек Карыбоз уулун мындай деп ырдайт. Келдибек Манас айтканда Шамал уруп, бук болуп, Боз үйлөргө жүк болуп, Чагылган учуп чартылдап, Кереге уук карчылдап, Үзүктөрү желпилдеп, Түндүк жабуу салпылдап, Эшиктери шалкылдап, Ат дүбүртү угулуп, Айыл калбай чогулуп, Журт атасы Манастын, Алмамбет,Сыргак,Чубактын Арбагы көзгө урунуп, Кырк чоро кырдан суурулуп, Кемпирлер турчу балпылдап, Келиндер коркчу калчылдап. Желеде кулун чыңырбай, Кымызга көңүл бурулбай, Азынабай айгыры, Аздектеп турчу бардыгы. Төөлөр чөгүп жоодурап, Карылары кобурап, Койлор жуушап кепшебей, Коңулда иттер эт жебей, Барбардигер кудурет Паана болуп өзүнө, Кара тору түспөлү Кыпкызыл болуп чыңалып, Арча отундай чок болчу, Ашырып айтар Манасты Ак уул Куу уул кыргызда Андай адам жок болчу. Түндүк боо түйүлүп, Кереге бою керилип, Коргошундай былкылдап, Үр кызындай жылтылдап, Он эки мүчө шалкылдап, Бүт денеси балкылдап, Он манжасы калтылдап, Тар дүйнөнү унутуп, Кең бейиште жүргөндөй, Сыйкырдуу дүйнө аралап, Керемет болуп кеткенин Көргөн жайым бар эле, Көрбөгөн адам зар эле. деп тулпар Манасчы Келдибекти эскерсе, Айкөл Манасты ашыра айткан, улуу манасчы Акылбекти мындай деп эскерет. Чоң Манасчы Акылбек Чогоол сөздү сүйбөгөн, Чоюлган сындуу жан эле, Чоң казатты айтканда Чок түшкөндөй чартылдап, Ээ-жаа бербей жети күн Элирчү жайы бар эле. Андан кийин жети күн Бутун тартпай уктачу Аралап айыл чыкпачу. Чындыгында Акылбек Эл оозунда жүргөндөй, Жаркырап күйгөн шам эле. Калп айтып ыйман жебейин, Манасчынын нары эле, Мактагандай бар эле, Балды тарткан аарыдай, Бар адамды караткан, Баамы артык жан эле. Канаты сынып кайрылып, Чоролордон айрылып, Кабыргадан кан чыгып, Кабылан Манас айкөлдүн Канкакшап түшүп ордого Кайгырган жерин айтканда Кабыргасы сөгүлүп, Кара нөшөр жамгырдай, Көзүнөн жашы төгүлүп, Манас айтып жатканын Унутканын көргөмүн, Умсунуп көңүл бөлгөмүн. Тыңшап турган калайык Көрүп турган эмедей Көзүнөн жашы тамчылап, Кошулуп кошо ыйлаган, Журт атасы айкөлдүн Арбагын чындап сыйлаган, Кабылан кайран баатырды Кара жерге кыйбаган. деп улуу манасчы Акылбекти эскерсе, Семетейчи Назар Болот уулун мындай эскерген экен. Семетейти Назардын Кабылан айкөл Манастын Кан жесири Каныкей Букарды көздөй качканын, Төлгө кылып долунун Тайторуну чапканын Кара нөшөр жамгырдай Төгүп ырдап турганда Каныкейдин арманын Калк дилине жеткирип Чөгүп ыйлап турганда Ат дүбүртү угулчу, Айыл калбай чогулчу, Жетик жесир зарына Калк көңүлү бурулчу, Салаалап жашы куюлчу. Аргымак минип жол жүрсөң, Ат арытып жол жүрсөң, Ашуу ашуу кезең бар, Ашкере көркөм өзөн бар, Ак калпактуу Кыргызда Албан түрлүү чечен бар Арбагы зор Манасты Ашырып айтчу нечен бар...