Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
1000 КАТЫШУУЧУ БОЛДУ ☝️ТАЛАСТА А.ОТОРБАЕВДИН ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИРИ 25 ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙРА ЖАНДАНДЫ
ТАЛАСТЫК БААТЫР А.ОТОРБАЕВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР 25 ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙРА БАШТАЛДЫ Асанбек Оторбаев атабыздын жаркын элесине арналган турнир эми жыл сайын өтүп турмакчы . Себеби 25 жыл токтоп калган мелдеш Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында башталып, биринчи эл аралык турнир жогорку деңгээлде өттү. Бул демилгени Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтү көтөрүп, Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы башкы демөөрчү болуп 1000 000 бөлгөн. Мелдешке Кыргызстандан жана коңшу мамлекеттерден жалпы 1000ге жакын өспүрүм балбан балдар-кыздар катышты. Алардын баары тамак аш менен камсыздалды. Байге фондусу жа жакшы болуп, медал, диплом жана акчалай сыйлыктар даярдалды. Мелдешти уюштургандарды жана демөөрчү болгондорду облус башчысы Эрмат Джумаев , эл өкүлү Марат Мураталиев жана күрөш федерациясы колдоп спортчуларга ийгилик каалашты. Уюштуруу тобу турнирге Асанбек Оторбаевдин жакындарын да чакырды. Эске салсак, 20 жашында Советтер Союзунун Баатыры болгон Асанбек Оторбаев атабыз 1925-жылы Талас районунун Чат-Базар айылында туулган. 17-18 жашында согушка аттанып, душмандын мизин кайтарган. Жеңишке болгон салымы ал Фашисттик баскынчылардын танкасын токтотуу үчүн гранатаны өзү байлап, жанын аябай танка менен кошо жардырган. Мына ушул баатыр атабыздын эрдигин эскерген эл аралык мелдеш бир канча жыл өтпөй туруп калып, эми кайрадан жанданганын көрүп Асанбек Оторбаевдин жакындары уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдиришти. Белгилүү болгондой “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү жаштардан чемпиондордун чыгуусуна кызыкдар. Ошол себептен өспүрүмдөрдү шыктандырган бул эл аралык мелдешти өткөрүү чечимин компаниянын жетекчилиги жактырып, каржылык колдоо көрсөткөн. Белгилей кетсек, Жеруй кенин иштеткен компания Талас облусундагы спорт жана башка баардык тармагына ар дайым каржылык колдоосун көрсөтүп келүүдө. Аталган мелдеш бүгүн 7-октябрда жыйынтыкталат.