ЗАТТАРДЫН МАССАСЫНЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ

ЗАТТАРДЫН МАССАСЫНЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ Суутектин күйүү реакциясында: 2H2 + O2 = 2H2O 4г 32г 36 Суутек Кычкылтек Суу реакцияга чейинки заттардын массасы 36 г (4г суутек, 32г кычкылтек), айда болгон суунун массасына 36 г. 36 г=36 г. Заттардын массасынын сакталуу законун жөнөкөй тажрыйба менен да далилдөөгө болот. Колбага бир аз кызыл фосфорду салып, тыгын менен жаап, таразага тартабыз (1-сүрөт, а). Андан кийин фосфору бар колбаны (б) этияттык менен ысытабыз. Химиялык реакциянын жүрүшүндө колбада ак түтүндүн пайда болушун көрөбүз. Ак түтүн фосфордун (V) оксидинин бөлүкчөлөрүнөн турат. Реакция бүткөндөн кийин колбаны таразага тартканда анын салмагы өзгөрүүсүз калган (1-сүрөт б). Атом-молекулалык окуу боюнча, заттардын массасынын сакталуу закону төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт: ●Химиялык реакциянын натыйжасында атомдор жок болбойт, жаңысы пайда болбойт, алардын кайрадан топтошуусу гана жүрөт. Заттардын массасынын сакталуу законунун азыркы мезгилдеги аныктамасы: ● Химиялык реакцияга чейинки заттардын жалпы массасы, реакциянын негизинде пайда болгон заттардын жалпы массасына барабар. Заттардын массасынын сакталуу законунун мааниси. 1.Заттардын массасынын сакталуу законунун ачылышы флогистон теориясына олуттуу сокку урган. 2. Заттардын массасынын сакталуу законунун ачылышы химиянын келечектеги илим катарында өнүгүшүнө негиз салган. 3.Заттардын массасынын сакталуу законунун негизинде практикалык манилүү эсептөөлөрдү жүргүзүлөт. 4.Заттардын массасынын сакталуу законунун негизинде химиялык реакциялардын теңдемелерин түзүлүп, ар бир химиялык реакцияга кирген жана пайда болгон заттардын саны так аныкталат.

Смотрите также