Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Сүйлөм мүчөлөрү деген сүйлөмдүн курулушуна жана түзүлүшүнө катышкан ар бир маани берүүчү сөз. Эгерде даяр болгон сүйлөмдөгү сөз өз алдынча толук кандуу мааниге ээ болуп жана ошол сүйлөмдө кандайдыр бир кызмат аткарып, кандайдыр бир суроого жооп берип турса, ал сүйлөм мүчөлүк кызматын аткарган болуп саналат. “Билимсизге дүйнө караңгы” деген сүйлөмдөгү ар бир сөз өз алдынча мааниге ээ, тактап айтканда, кандайдыр бир түшүнүктү бере алат, суроого жооп болуп түшөт жана башкалары менен биригип, бүткөн ойду туюндуруп, сүйлөмгө мүчөлүк кызматты аткарууда. Ушундай таянычтын негизинде синтаксис бөлүмүндө сүйлөм мүчөлөрү деген түшүнүк жаралган. Кыргыз тилинде беш сүйлөм мүчөсү бар: 1. Ээ 2. Баяндооч 3. Аныктооч 4. Толуктооч 5. Бышыктооч Булар аткарган кызматына, сүйлөмдөгү салмагына карай 1. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү 2. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү деген эки топко бөлүнөт. Ар бир сүйлөмдүн түзүлүшүндө баш мүчөлөр негизги ролду ойноп, анын пайдубалын түзгөндүгү үчүн чоң мааниге ээ болот жана талдоодо биринчи каралат. Анткени баш мүчөлөрү жок сүйлөм түзүлбөйт. Ал эми айкындооч мүчөлөр сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнө жардамчы ой, кошумча маанилик көмөк көрсөтүп, сүйлөмдүн маанисинин кеңейишине, ачык берилишине жол ачат. Мисалы: Асан терип келди. Бул толук кандуу сүйлөм. Жалаң баш мүчөлөрдөн гана турат. “терип келди” баяндооч, “Асан” ээси. Бирок биз мында Асандын бир жактан бир нерсени терип келгендигин гана билүүдөбүз. Ой туюк. Ал эми биз бул сүйлөмгө айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу бир нече сөз кошсок, бардык маалымат ачык-айкын алдыбызга тартылат. Асан кечээ тоонун кызыл гүлдөрүн терип келди. ______________________________________________________ Телеграм каналыбызга катталып, жаңы маалыматтарыбыз менен кабардар болуп, "Обсудить" командасы аркылуу сунуш-пикирлериңиздерди билдирип туруңуздар: ______________________________________________________ Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар: • POWERPOINT:Презентация жасоо. БИРИНЧИ САБА... ________________________________________________________ Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги: • Архаизмдер же эскирген сөздөр ________________________________________________________ Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги: • Кыргыз тили. Аналогиялар/Окшоштуктар: экин... __________________________________________________________ #кыргызтили #капармомуналиев #ЖРТ