23-июль: Күнөөкөр каалоону четке кагуунун жолу

23-июль Күнөөкөр каалоону четке кагуунун жолу Жон Пайперден насаат сөз «Муса эр жеткенде, ишеними аркылуу фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тарткан. Ал күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгынан Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн. Машайак үчүн кордук көрүүнү ал Мисирдин байлыгынан артык байлык эсептеген, себеби келечектеги сыйлыкты караган». (Эврейлер 11:24-26) Бул аяттарды кыска-нуска кылып айта турган болсок: «Муса... ишеними аркылуу... күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгынан [баш тарткан], себеби келечектеги сыйлыкты караган» (Эврейлер 11:24-26). Ишенген адам «убактылуу жыргалчылыкка» ыраазы болбойт. Анын эңсегени – кубаныч. Түбөлүктүү кубаныч. Ал эми Кудайдын сөзү мындай дейт: «Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал» (Забур 15:11). Демек, ишенген адам күнөөнүн алдамчы каалоолоруна азгырылып, ак жолдон чыгып кетпейт. Жеткилең кубанычты издеп жүргөн саякатында аны таппмайынча, издөөсүн оңою менен токтотпойт. Кудайдын Сөзү болсо ишенген адамдын Кудайды эңсөөсүн күчөтөт. Ушундайча Кудайдын Сөзү анын күнөөгө азгырган кумарлуу каалоолорун жоготот. Оболу кумарлуу каалоолор бизди «ыйыктыктын жолунда жүрө берсең, бул дүйнөдөгү укмуш ырахат тартуулаган нерселерден куру каласың» деп азгырат. Ошондо биз Рухтун кылычы болгон Сөздү кынынан сууруп чыгып, аларга каршы күрөшө баштайбыз. Көзүм менен кумарланга караганда, көзүмдү оюп салганым артык экени жазылып турат (Матай 5:29). Эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлонсом, Кудайдын тынчтыгы мени менен болору жазылып турат (Филипиялыктар 4:8-9). Күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо өлүмгө дуушар кылары, ал эми Рухтун каалоосу жөнүндө ойлоо өмүр жана тынчтык берери жазылып турат (Римдиктер 8:6). Дене кумарлары менин жаныма каршы күрөшөрү (1 Петир 2:11) жана мындай каалоолор Рух берген өмүрдө өскөнгө жол бербей коёру жазылып турат (Лука 8:14). Эң маанилүүсү, таза жүргөндөрдү Кудай жакшылыктан ажыратпайт (Забур 83:12) жана жүрөгү тазалар Кудайды көрүшөт деп жазылып турат (Матай 5:8). Мен ушинтип ишенимим Кудай берген өмүрдөн жана тынчтыктан гана канааттануу издеши үчүн сыйынганымда, Рухтун кылычы болгон Кудайдын Сөзү сыртынан таттуу көрүнгөн кумарлуу каалоолорум чындыгында канчалык уулуу экенин көрсөтөт. Мен алар канчалык кооптуу экенин көрө баштайм. Ошондо Кудайдын ырайымы менен кумардын күчтүү азгырыктарын жеңип чыгам. «Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (335-336-беттер). Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: 💻 Сайт:
✨ Instagram:   / jakshykabar   🎵 Facebook:   / jakshykabarmedia   🎼Twitter:   / jakshykabar   📸Telegram:

Смотрите также