Топуракты анализге кантип берет? Пайдалуу маалымат

Жерди анализге кантип берет? - деген суроого биздин агроном Турусбек Асаналиев видеодо айтып, көрсөтүп берди. ♻️ ❕Бул анализдердин натыйжасында, топурак карталары, агрохимиялык картограммалар түзүлөт. ♻️ Гранулометриялык анализде (топурактын механикалык курамын аныктоо) - топурактагы ар түрдүү бөлүкчөлөрдүн (таш, гравий, кум, чаң, тунма жана коллоиддер) саны аныкталат. Ал эми химиялык анализ топурактын химиялык курамын жана касиеттерин, андагы элементтердин ✅ Кальций ✅ Натрий ✅ Магний ✅ Фосфор ✅ Калий Суууда эрүүчү туздардын; ✅ Сульфат ✅ Хлорид ✅ Кальций ✅ Магний ✅ Натрий карбонаттарынын камтылышын, топурактын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн, өсүмдүктөрдүн азот, фосфор, калий кошулмаларын жана микроэлементтерди сиңирүү санын, топурактардын жер семирткичтерге болгон муктаждыгын, топурактын органикалык заттарынын фракциялык курамын жана башка сапаттарын аныктайт. 👍 Видеобуз жакса лайк басып, жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Call-борборубуздун номери; ☎️ 0705-910-910

Смотрите также