Каман менен эликке жем ташыган токойчулар

Соңку жылдары ЮНЕСКОнун биочөлкөмдүк коруктар тизмесиндеги Сары-Челек коругунда аюу, бугу, кийик, каман жана башка жапайы жаныбарлардын саны көбөйө баштады. Эгемендиктин алгачкы жылдары коруктагы жан-жаныбарлардын бир тобу аткезчилердин курмандыгына айланган, мындагы жапайы жаныбарлардын бир канчасы оорудан өлгөнү да катталган. Корукчулар быйыл алма жана жаңгактын түшүмү аз болуп, коруктагы жаныбарлар жемден кыйналганын айтышууда. Мындан улам алар күн алыс барып жүгөрү төгүп кетишет. Бир кезде таланып-тонолуп кетүү коркунучуна туш болгон, уникалдуу, кол тийбеген кооз жаратылышы менен таанымал Сары-Челек коругунун азыркы абалы тууралуу тасма баян. __________________________________________ Биздин сайт -
Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -    / @azattykradiosu   Телеграм -

Смотрите также