Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кинолордон душмандарга көрүнүп калбаш үчүн маскировка кылып, камуфляж кийиип алган аскерлерди же снайперлерди көрүп калабыз. Алар бул жашынуу өнөрүн кимден үйрөнүштү? Албетте! Алардын жашынуу боюнча мугалимдери акыл-эси, илими, жок болгон жаныбарлар! Жаратылышта жашынуу боюнча уста болгон өтө көп жаныбарлар бар. Биринчиден Алар бул жашынуу өнөрү менен олжолоруна байкалбастан жетип барышса, экинчи жактан душмандарынан жогорку деңгээлде коргонот. Мисал үчүн бул балыкты караңызчы. Деңиздин түбүндө өскөн өсүмдүктөрдүн дал өзүндөй формага жана түскө ээ. Ал эми бул хамалеонду байкап көрүңүз. Ал заматта айланасындагы түскө окшош болуп, денесинин түсүн өзгөртө алуу жөндөмүнө ээ. Жашоодо да абалга карап улам оюн өзгөрткөн кишилерге “хамалеон”-деп коебуз. Хамалеондун терисинде хромотофора клеткалары бар. Хромотофора клесткасы бул – өзүнө пигменттерди камтыган жана жарыкты чагылдырган клеткалар болуп саналат. Ал жалпы денесин эле эмес, денесинин белгилүү бир бөлүгүн гана өзгөртүүгө да жөндөмдүү. Бул процесс анын ой жүгүртүүсүнөн көз карандысыз, температуранын өзгөрүшүнөн, жарыктын таасиринен же жаныбардын коркконунан улам ишке ашат. А бул чыбыка окшош куртка караңызчы. Ал өсүмдүктүн чыбыктарынан эч айырмасы жок. Бул жерде болсо жөргөмүш турат. Чынында байкоо өтө кыйын. Мындай таң калыштуу жаратыктар жер бетинде эле эмес суу астында да өтө көп кездешет. Жашаган аймагына окшош болуп эң мыкты камуфляж менен жабдылган. Кээ бирлери болсо хамалеон сыкятуу айланага карап түсүн өзгөртө алат. Олжосу же аңчысы чынында бул үкүнү байкабаса керек. Бул кемчиликсиз, чеберчилик менен жабдылган жаратыктар акыл ээси болгон адамды таң калтырбай койбойт. Бул кереметтерге карап туруп суроо туулат. Коргонуу жана аң уулоо чынында бул жандыктар үчүн эң зарыл нерсе. Карасак алардын өздөрүнө жараша коргонуу жана аң уулоо өзгөчөлүктөрү бар экен. Бул өзгөчөлүктөрдү алар кайдан алышты? Аларга ким үйрөттү бул маскировканы. Мисалы хамалеон кантип айланага карап түсүн өзгөртүп атканын көрдүк. Ал бул өзгөчөлүктү кайдан алды? Өтө күчтүү, заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык лабаротория жасай албаган бир системага хамалеон кантип ээ болду. Жашынуу өнөрүн, илимин, чеберчилигин ким үйрөттү бул жандыктарга. Өзүнөн өзү болду деген көз караш чынында караңгылык. Себеби акыркы илим техника менен да ушундай жаныбарды жасоо мүмкүн эмес болуп турган кезде, өзүнөн-өзү кантип болуп калсын. Табият да жарата албайт. Себеби акылы жок, көр, жансыз табият муну кылуусу эч мүмкүн эмес. Бул суроого Ыйык Курандагы бир аятка карап көрөлү: “ Аллах бардык нерсенин жаратуучусу. Ал – Жалгыз, Кудуреттүү”-дегин Рад сүрөсү 16-аят. Чынында мындай кереметтүү жаратыктардын Устасы бир гана Чебер, Даанышман, Мээримдүү болгон Аллах гана! Бул акыйкаттарды уккан соң акыл калчап, ой жүгүртүүгө, Аллахты дагы да жакшыраак таанып билүүгө муктаж экенибизди билели. Куранда бекеринен көп жерде “Акыл калчабайсыңарбы, оө жүгүртпөйсүңөрбү”-деп айтпайт экен...