Ризван Исмаилова | Бөдөнөпуруш | аудио китеп | аңгеме

Ризван Исмаилованын «Бөдөнөпуруш» деген аңгемеси жөнүндө жазылган сын же болбосо адабий анализ таппадым. (бизде негизи барбы андай анализдер?) Адабиятка кызыккан жөнөкөй окурман катары мен бул аңгемеде символизмдерди байкагандай болдум. Эмне үчүн ууру молдо, анан бөдөнө? Мунун баары бекер жазылбагандай туюлат. Ар бир персонаж, ар бир окуя чакан аңгемеде өз ордун ээлеп, өз вазыйпасын мыкты аткарып тургандай. Бирок аны жиликтеп түшүндүрүп берген адабий анализ-сын болсо, кубана окуманмын. Эгер ал бар болсо, шилтемесин салып койсоңуздар, сураныч. Азырынча «Бөдөнөпурушту» угуңуздар! Анан пикир жаза кетүүнү да унутпаңыздар. Ризван Исмаилованын мен буга чейин окуган башка чыгармалары мында:    • Ризван Исмаилова | Кетпес так | аудио китеп      • Ак өрүк. Ризван Исмаилова. Аңгеме (аудиоки...      • Жолон Мамытовдун туулган күнүндөгү түз эфи...  

Смотрите также