Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Көк-Кашат айылынын тургундары 26 жаштагы Эрмек мырзага 1 мил 200 миң сомго там сатып беришти
Талас облусундагы дагы бир үй-бүлө үйлүү болду. Көк-Кашат айылынын тургундары айылдагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 26 жаштагы Эрмек Бактияр уулунун үй-бүлөсүнө 1 миллион 200 миң сом чогултуп, там сатып беришти. Жаш жубайлардын ортодо бир уулу бар. Экөө тең бирдей аракетчил . Алар бүгүнкү айылдаштырын чоң жардамына кубанып бүтө албай жатышат. Негизи бул аярлуу үй-бүлөгө бүтүндөй Көк-Кашаттатыктар салым кошкон. Там сатып алууга чогулган 1 миллион 200 миң сомдун 200 миңин өзүнүн бир тууган жалгыз агасы берген. Калган миллион сом элдин жардамы. Ал эми сатып алынган эски тамдын жанында жаңы үйдүн дубалы да бар. Участогу 18 сотых. Короо-сарай да курулган. #4каналталас