БУТКА ЧАЛЫНГАН САМОКАТТАР АЙЫП КОРООГО ТАШЫЛЫП КЕТТИ

Биринчи Май районунда уруксаты жок коюлган электросамокаттар алынып салынды. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда муниципалдык администрациянын кызматкерлери жана мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы биргеликте рейд өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө уруксат берилбеген жерлерге коюлган электросамокаттар алынган. Бул рейд шаар тургундарынан тротуарларга жана жол жээгине башаламан коюлуп жаткан электросамокаттар боюнча көп сандагы кайрылуулар жана нааразычылыктардан улам уюштурулду. Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде, ошондой эле Исанов көчөсүндө жайгашкан 35ке жакын электросамокат мыйзамсыз жерлерден алынып, айып короосуна жеткирилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү ижара сервистерин иштеткен компаниялар жоопкерчиликке тартылды: • Яндекс • San Rent • To Go • Try Me Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясы жана мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы шаардыктарга жана электросамокаттарды ижарага алган колдонуучуларга кайрылып, электросамокаттарды тротуарларга, газондорго жана жолдун өтүүчү бөлүгүнө таштабоону өтүнүшөт. Бул пешеходдор менен айдоочулар үчүн ыңгайсыздык жаратпоо максатында жасалууда. #кыргызстан #жогоркукеңеш #жанылыктар #айтыш #казахстан #садыржапаров #камчыбекташиев #эруланкокулов #новости #кабарлар #акыркыжаңылыктар #акыркыкабарлар #kgnewstime

Смотрите также