Нурлан Исмаилов - 04 - укук таануу мыйзам чыгаруу

Мыйзам чыгаруу түшүнүгүндө бир гана мыйзам чыгаруунун эрежелери каралса, укук чыгаруу мамлекеттеги юридикалык күчкө ээ болгон укуктук булактардын түзүлүшүн камтыйт. Мыйзамдын сапатына, мыйзамдын чындыкка жакын деңгээлине жараша коомдогу мамилелер жөнгө салынат, коомдун өнүгүшүнө жол ачылат. Ошондуктан мыйзам чыгаруу, аны кабыл алуу процесси мамлекеттин эң негизги ишмердүүлүгү деп саналат. Бул видеолекция «Мыйзамдарды жана укуктарды чыгаруу» деген темага арналып, Мамлекеттеги мыйзамдар кандай тартипте, кандай процедурада кабыл алынат? Кандай принциптердин негизинде мыйзамдар чыгарылат? Мыйзам чыгаруу системасы кантип ишке ашырылат деген суроолорго жооп таба аласыздар.

Смотрите также