Болотбек Ногойбаев-кыргыз милициясынын тарыхында жаркын из калтырган генерал

Бул видео ИИМдин мурдагы министри, милициянын генерал-лейтенанты, юридика илимдеринин доктору Болотбек Бердибекович Ногойбаевдин өмүр жолу жана эмгек мурастарына арналат. 40 жылдан ашуун кызматтык жашоосунда ал ички иштер органдарынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, адилеттүүлүк, кесипкөйлүк жана чынчылдык принциптерин бекем карманган. Анын ишмердүүлүгү, адамдык сапаттары жана мекенге берилгендиги бүгүн да жаш муундар үчүн үлгү болуп саналат. Жыл сайын өткөрүлүп жаткан спорттук мелдештер - анын жаркын элесине болгон урматтын жана ыраазычылыктын белгиси. Болотбек Ногойбаев - өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган инсан. ИИМдин Басма сөз кызматы

Смотрите также