Көл бетинде ак куу көбөйдү

Быйыл Ысык-Көлгө келген ак куулар адаттагыдан көп. “Сүйүүнүн символу» саналган канаттуулар көлдү айлана Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунун жээктерин байырлашты. Ак куулар Ысык-Көлдө көбөйүп, анан кайра келген жагына учуп кетишет. Аларга кошумча тамак берилбейт, суудагы балыр, курт-кумурска менен тамактанышат. Экологдор белгилегендей, мындан беш-алты жыл мурун Ысык-Көлдө ак куулар жокко эсе эле. Көл жээгине ышылдак жана куркулдак ак куу келет. Жыл сайын алардын арасынан беш жүздөн миңге чукулу кыштап калат.

Смотрите также