КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Ата-Мекенине ант берүү аземи болуп өттү.

2018-жылдын 17-ноябрь күнү 77 жаш жоокер үчүн өмүрүндөгү салтанаттуу иш-чаранын биринчиси болуп, Ата-Мекенине ант берүү аземи болуп өттү. Аталган иш-чара Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Садовое айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда 77 жаш жоокердин, алардын ата-энелери, туугандары жана жакындарынын катышуусунда болду. Жаш жоокерлерди куттуктап, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов аларга жылуу калоо-тилектерин айтып өттү. Жоокерлердин кубанычын ата-энелери, жакын туугандары кошо белгилеп өтүштү. Жаш жоокерлер кызмат өтүп жатып, куткаруучулардын иш-аракеттерин өздөштүрүшөт, борбордо аларды атайын программанын негизинде ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү, издеп-куткаруу иш-аракеттерин үйрөтүшөт. КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Смотрите также