Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан бомбалоону улантууда. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө Владимир Зеленский согушту Орусияны мажбурлап гана токтотуу мүмкүн экенин айтты. Тажикстандын жараны орусиялык жаран менен үй-бүлө күтүп, төрт балалуу болгонуна карабай Орусиядан чыгарылганын билдирди. Ага бул өлкөгө кирүүгө өмүр бою тыюу салынды. Кыргызстандын өкмөтү Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүү башталганын билдирди. Мурда нааразылыктардан улам чалгындоо токтотулган кенди бул ирет мамлекет өзү иштете турган болду. 0:00 Анонс: 1:02 Украина Запорожьеде Орусиянын соккусунан жети киши жараат алганын билдирди 5:10 Орусия Коргоо министрлиги менен келишим түзбөгөн тажик мигрантын депортациялады 7:24 Президент Садыр Жапаров климат, жакырчылык, куралдануу көйгөйлөрүн көтөрдү 10:02 Көпүрөнү бузуу учурунда бир жаранды бетон плита басып калганы белгилүү болду 15:25 Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүү башталганын билдирди 17:50 Парламент Акаевге экс-президент макамын берген жок 21:04 Германиядагы шаарды жашылдандыруунун жаңы ыкмасы #бүгүназаттыкта #орусия #мигрант #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -