“Эркин-Тоо”: Репрессияланган редакторлор, 100 жыл мурунку макалалар

Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) бир кылымдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Айрым тарыхчылар өзүнүн аталышы менен “Эркин Тоо” адеп жарык көргөндө кылымдар бою эркиндикти эңсеген элдин мүдөөсү, үнү, үмүтү катары кабыл алынганын жазышат. Басылманын кыргыз тарыхындагы, улуттук маданияттагы орду талашсыз. Бүгүн биз бир кылым ичинде катаал тоталитардык доорду, репрессияларды жашаган басылманын тарыхы, ошол доордогу көтөргөн жүгү тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев, белгилүү публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев менен талкуулайбыз. 0:00 Башталышы 2:15 “Арыз-муңуңарды жазып тургула”. Гезиттин алгачкы саны кантип чыккан? 7:14 Баштапкы сандарына кандай макалалар жазылган? 13:43 “Эркин Тоонун” алгачкы редакторлору 16:25 “Тил маселесин курч көтөрүшкөн” 20:13 Репрессияланган редакторлор 29:43 XX кылымдагы кыргыз тарыхын толуктоодогу "Эркин-Тоонун” ролу 35:18 1950-жылдардагы репрессия маалында гезитте иштеп куугунтукка кабылгандар болгонбу? 38:44 Горбачевдук “кайра куруу” (“перестройка”) маалында гезитке кандай макалалар жазылган? 45:08 Аягы “Куугунтук курмандыктары” подкастынын ушул жана башка чыгарылыштарын Apple Podcast жана Spotify платформаларынан да уга аласыз. Сайттан угуңуз:
Apple Podcast шилтемеси:
Spotify шилтемеси:
#эркинтоо #куугунтуккурмандыктары #азаттыкподкаст #репрессия _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также