Куртка айылынын шайыр чеберлери | Ак-Талаа, Нарын.

Мамырканов Казыбек - кол өнөрчү Кыргыз Республикасынын Маданиятынын отличниги, Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейинде өнөрчүлүк мугалими. Боз үйдүн жасалгасы 2016-жылы Көчмөндөр оюнунда Гран-Прини алган. Нарын облусундагы салттуу кол өнөрчүлүк изилденүүдө / Исследование традиционного ремесленного искусства в Нарынской области. Нарын облусунда кыргыздын кол өнөрчүлүк салтын иликтөө иштери - Нарын областынын кол өнөрчүлөрүн, уздарын изилдөөчү, салттык маданиятты, улуттук нукура буюмдарды даярдоо ыкмасын сактоо, калыбына келтирүү максатында иш алып барган, "Нарын көчмөндөр саякаты" туристтик компаниясынын жетекчиси - Асакеев Бакыт мырзанын коштоосунда жүргүзүлүп жатат. Изилдөөчү Руслан Жунусов жергиликтүү кол өнөрчүлөр жана усталар менен жолугушуп, алардын тажрыйбасы жана өнөрү тууралуу маалыматтарды топтоодо. Изилдөөнүн негизги максаты – кол өнөрчүлөрдүн жашоосун, алардын ишмердүүлүгүн жана салттуу өнөрдү сактоо ыкмаларын документтештирүү. Изилдөөлөр ЮНЕСКОнун Ичкап (ICHCAP) колдоосу менен Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгүнө арналган маалымат булагын түзүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. #СалттууКолӨнөрчүлүк #TravelOrganic #UNESCO #AigineCulturalResearchCenter Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Смотрите также