Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргыз Республикасынын милициясынын күнүнө карата Бишкекте майрамдык иш-чаралар өттү
1-ноябрда Кыргыз Республикасында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күнү эс алуу жана майрам күндөрүн билбеген, коомдук тартипти сактоо менен жарандардын укуктарын жана коопсуздугун коргогон адамдарды куттуктайбыз. Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 101 жыл толгондугуна байланыштуу өлкө боюнча салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Негизги окуялардын бири Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев жана ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков катышты. Ардактуу коноктор жаңыланган кабинеттер жана кызматтык имараттар менен таанышып, кызматкерлер үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттарга баа беришти. Ошондой эле жарандардын кайрылууларына күнү-түнү жооп берген «102» ыкчам чара көрүү борборуна барышты. Жаңылануунун жана жаратылышка кам көрүүнүн белгиси катары иш-чаранын катышуучулары ИИББдин аймагына көчөттөрдү отургузушту. Андан соң өлкө жетекчилиги Турдакун Усубалиев атындагы аянтка барып, ал жерде ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жаңы техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 101 жыл толгондугуна байланыштуу ведомствонун унаапаркы акыркы үлгүдөгү 101 унаа менен толукталганы символикалуу көрүнүш болду, алардын ичинен 81 JAK (пикап) жана 20 CHANGAN X5 PLUS. Ошондой эле милициянын карамагына 20 WY150T-9D скутери жана 2 CAN-AM SPYDER ROADSTER мотоцикли келип түштү. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ички иштер органдарынын өздүк курамын кесиптик майрамы менен куттуктады. «Урматтуу генералдар, офицерлер жана сержанттар! Урматтуу аскер кызматчылары жана ардактуу коноктор! Бүгүн биз өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылган, кылмыштуулук менен күрөшкөн, өзүнүн кесипкөйлүгү, эмгекчилдиги жана эрдиги менен айырмаланган кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ички иштер органдарынын урматтуу ардагерлерин жана бүткүл өздүк курамды кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин баа жеткис тажрыйбаңыздар жана асыл иштериңиздер өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү болуп берерин белгилегим келет. Мен катардагы жоокерлерге, сержанттарга, офицерлерге жана Ички аскерлердин аскер кызматчыларына күн сайын элге жана мамлекеттин коопсуздугуна кызмат кылууга буйрук берем. Мыйзамдуулукту сактагыла жана бийик максаттарга умтулгула. Сиздерден «Ата Мекенге кызмат кылам!» деген антыңыздарды ак ниеттүүлүк менен аткарууңуздарды жана чыныгы эрдиктин үлгүсү болууңуздарды өтүнөм. Баарыңыздарга бекем ден соолук жана узак өмүр каалайм! Күнөстүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн, элибиз ынтымакта жана бакубатчылыкта жашасын», -деди Башкы колбашчы. Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен кесиптик майрамга карата ички иштер органдарынын 35 жаңы жана заманбап имараты жана милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү турак жайы бир убакта ачылды. Объектилер кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча масштабдуу программанын алкагында курулган. Ачылыштын салтанаттуу кадрлары түз эфирде көрсөтүлдү. Иш-чара ички иштер органдарынын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктады, бул эрдиктин, биримдиктин жана милдетке берилгендиктин жаркын белгиси болуп калды. Бул күн майрам гана эмес, мамлекеттин таянычы жана жарандардын коопсуздугунун кепилдиги болуп келген кыргыз милициясына мамлекеттин жана коомчулуктун жогорку ишениминин далили болуп калды. ИИМдин Басма сөз кызматы