Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кубанычбек кызы Калия| Кыргыз тили | 7-класс | Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн|
Сабактын кептик темасы: саякатка чакыруу каты Грамматикалык материал: Сүйлөмдүн баяндоочу Сабакты мүмкүн болушунча жеңил, а негизгиси окуучуларга кызыктуу кылып жеткирүү, жеңилден оорго карай үйрөтүү каралды. Мээге чабуул теманы аныктоого, текстти оңой түшүнүүгө жаңы сөздөр менен иштөө, текстти окуганга алдын-ала даярдык, кызыктыруу катарында өздөрүнө текст жазуу мүмкүнчүлүк берилди. Тапшырмаларды аткарууда убакыттар чектелип, сайты аркылуу мүнөттөр белгиленип, топко автоматтык түрдө бөлүү, рандом менен класстагы окуучуларды жооп берүүсүн аныктоо жүргүзүлдү. Бул ар бар баланы сабакка даяр болушум керек турбайбы деген ойго жетелейт. Текстти окутуу тынымдарга бөлүү жолу менен ишке ашып, "Суроолор дөңгөлөгү" сайтында даярдалган суроолор менен коштолду. Суроонун ичинде бир суроо "Сага суроо жок, сен бактылуу окуучусуң!" деп кошулду. Бул оюн аркылуу ал суроого туш келип калсам деп жооп берип отуруп, текстти түшүнгөнү же түшүнбөгөнүн билүүгө болот. Ар бир сабакта кеп ишмердүүлүгүнүн толук түрүн камтып өтүү максатка жетүүгө алып келет. Сабакта, кептик теманын алкагында грамматикалык материал ачылып, балдар сүйлөмдүн баш мүчөсүн табуу, суроолорду берүүгө үйрөнүштү. Жыйынтыгында, балдарга тесттик иш даярдалып, приложениесы аркылуу окуучулардан алыстабай иштерин текшерүү жеңил жолу менен ишке ашты. Сабактын соңунда "Жол чыракты" колдонуу, күйгүзүү жолу менен сабакта билген, үйрөнгөн маалыматтарын айтышты.