Тоок ферма ачып, киреше тапкан Теңир-Тоолук жаш ишкер | Өнүгүүгө карай

Климаттык шарты катаал Нарында бодо мал менен майда жандыктарды гана эмес, тоок багып киреше тапса болот. Жумуш жок деп чет мамлекетке мигрант болуп иштегенден көрө, өз өлкөңдөн киреше тапса болот деген Теңир-Тоолук жаш ишкер Акмат Тилек уулу бир жыл мурда Миң-Булак айылына тоок ферма ачкан. Учурда фермасында миңден ашык тоок бар. Күнүнө ушул эле сандагы жумуртка алып, аны жумасына эки жолу Нарын шаарына каттап, калаадагы дүкөндөргө өткөрөт. 21 жашында ишкерлик баштаган Акмат келечекте фермасын чоңойтуп, бүтүндөй облусту жумуртка менен камсыздасам деген максаты бар. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook -   / utrkkg   Youtube (УТРК) - https://www.youtube.com/@UTRKkgchanne...
Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм -

Смотрите также