Жамандыкка жакшылык менен жооп бер. Дастан Кайыпбердиев

Матф 5:38-48: "Силер: “Көзгө көз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер. Сени менен соттошуп, көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер. Сени өзү менен бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган адам менен эки чакырым жол жүр. Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба. “Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр”, – деп айтылганын уккансыңар. Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат. Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. Эгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи. Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула." #машайак #теңир #ыйса #ыйыккитеп #ДастанКайыпбердиев

Смотрите также