Кыргызстандын «Мурас Юнайтед» клубу 2025-2026-жылкы Азия Футбол Конфедерациясынын Чакырык Лигасынын тайпалык этабын ийгиликтүү аяктап, плей-офф баскычына жолдомо алды! «С» тайпасында таймашкан ата мекендик клуб, акыркы турда Кувейттин «Аль-Араби» клубу менен 1:1 эсебинде тең ойноду. Жалпысынан «Мурас Юнайтед» 5 упай топтоп, тайпадан чыгуу талабын аткарды. «Регар-Тадаз» (Тажикстан) менен – 0:0 (тең) «Сафа» (Ливан) менен – 2:0 (жеңиш) «Аль-Араби» (Кувейт) менен – 1:1 (тең) «Мурас Юнайтед» турнирге 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси катары катышты. Кыргызстандык клуб Батыш зонасынан кийинки баскычка өткөн төрт команданын бири болду. «Мурас Юнайтед» клубун тарыхый жеңиши менен “Region” телеканалынын атынан куттуктайбыз!👏 ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники
https://ok.ru/region.kyrgyzstan REGION TV @ Телеграм