Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
#АсеинРахатов #СизЖөнүндө #МахабатАрманы #СүйүүБаяны #АшыкБолдум #Сизге #ТаппайЖүрөм #Жаныыр #Кыргызчаырлар #Кыргызчаклиптер #Жаныыр #Жаныклип #Кыргызстан #Бишкек #2025 #rek #music Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен, Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу. Сымбатыңыз суктандырып турса да, Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу. Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен, Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп. Сезимиңиз сенектигин байкабай, Тажатыпмын айта берип сүйөм деп. Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу, Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен. Сезим жанбоо — бактысыздык, чоң кайгы, Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм. Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз, Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз. Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн, Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.