Алай районунун тургундары жергиликтүү бийлик президенттин саясатына каршы иштеп жатканын айтты

Алайда көмүр казуу үчүн «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы жана жергиликтүү бийлик президент Садыр Жапаровдун саясатына каршы иштөөдө. Бул тууралуу Алай районунун Үч-Дөбө- Алай айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара-Кол айылынын тургундары билдирди. Алардын айтымында, Кара-Суу районун аймагындагы Загара көмүр кени алар жашаган Чоң-Кара-Кол айылына жакын жайгашкандыктан, көмүрдү каза турган компания аны сатуу үчүн алардын айылынын жогору жагындагы муз катмарын талкалоо менен жол куруп баштаган.

Смотрите также