Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Энелер жөнүндөгү ырым. Сөзүн Фатима Абдалова жазган. Мен дуйнону апам менен тааныгам. МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ Сөзү: Фатима Абдалованыкы Обону: Түмөнбай Колдошовдуку 2013-жыл, 12-июль Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам. Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү, Баскан сайын бажырайып ачылган. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды жыты менен тааныгам. Жыттачу эле, магдыратып жытына, Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды колдорунан тааныгам. Жылуу болчу, жумшак болчу колдору, Кармашканда бала боюм балкыган. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды жоолугунан тааныгам. Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү, Баскан сайын бажырайып ачылган! Мен дүйнөнү апам менен тааныгам, Мен апамды менен күлкүсүнөн тааныгам.