90 Забурдун негизинде сыйынуу

Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт:
Instagram:   / jakshykabar   Facebook:   / jakshykabarmedia   Twitter:   / jakshykabar   1Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйүндө жашаган, кудуреттүү Кудайды далдаа кылган адам Теңирге: 2«Мен таянган Кудай – менин баш калкалар жайым, менин чебим!» – дейт. 3Ал сени аңчынын торунан жана айыкпас дарттан куткарат. 4Ал сени Өзүнүн канаттары менен калкалайт, Анын канаттарынын астында коопсуз болосуң. Анын чындыгы – калкан жана коргон. 5Түнкү коркунучтардан, күндүзгү учкан жебелерден, 6караңгылыкта жүргөн каргашадан, чак түштө кырган жугуштуу оорудан коркпойсуң. 7Жаныңда миң, оң жагыңда он миң кырылып жатса да, сага жакындабайт. 8Өз көзүң менен карап гана турасың, кудайсыздардын жазаланганын көрөсүң. 9Анткени сен: «Менин тирегим – Теңир», – дегенсиң. Бардыгынан жогору турган Кудайды өзүңө баш калкалар жай кылып тандап алгансың. 10Сен эч кандай жамандык көрбөйсүң, үйүңө жугуштуу оору жолобойт. 11Анткени Ал Өз периштелерине сени бардык жолдоруңда коргоп жүрүүнү буйруйт. 12Бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар сени колдоруна көтөрүп кетишет. 13Уулуу жылан менен арстанды бутуң менен басасың, жаш арстан менен ажыдаарды тебелейсиң. 14«Мени сүйгөндүгү үчүн, аны куткарам, коргойм, анткени ал Менин ысымымды таанып билди. 15Мени чакырганда, аны угам. Башына кыйынчылык түшкөндө, Мен аны менен бирге болом. Аны куткарам, даңктайм. 16Анын өмүрүн узун кылам, ага Өзүмдүн куткаруумду көрсөтөм».

Смотрите также