Кыялбек Акмолдоев - 03 - Экономиканын моделдери

Экономиканын кандай системасы болбосун, ал «Кантип өндүрүү керек?» «Эмнени өндүрүү керек?» жана «Ким үчүн өндүрүү керек?»–деген суроолорго жооп берүүгө тийиш. Керектүү ресурстар чектелген учурда, коом колдо бар нерсени рационалдуу пайдаланууга мажбур болот. Мамлекеттин экономикалык системасынын модели мына ушул фундаменталдуу маселелердин чечилишинен толук түрдө көз каранды. Бул сабакта автор экономиканын моделдерин көрүүчүлөргө жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен сүрөттөп, турмуштук мисалдар менен түшүндүрүп берет.

Смотрите также