АТАМ ТАШТАП КЕТКЕНИ ҮЧҮН ЭЧ КАЧАН КЕЧИРБЕЙМ ДЕГЕМ

Самат Бакасбеков, интернетте көпчүлүккө ал Суперпапа же Мистер Сэм катары белгилүү. Учурда ал өспүрүм балдар үчүн БЕМС футбол командасын жетектеп, жөн гана спорт менен машыктырбастан, жашоо баалуулуктарын жана турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүп келет. Самат өзү атасыз чоңойгон, ошондуктан таяна турган кишиси жок баланын кандай сезимде болорун жакшы билет. Ал спорт аркылуу балдардын жашоосундагы боштукту толтуруп, достук, колдоо, ак пейилдик, өзүн-өзү баалоо сыяктуу маанилүү баалуулуктарды бөлүшөт. Самат үчүн спорт — бул жөн эле дисциплина же денени машыктыруу эмес. Бул — жашоо мектеби, туура жолго багыт берүү, мүнөздү калыптандыруу жана инсанды тарбиялоо. Бул подкаст Канада өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду "Ага Хан" Фонду менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Жарандык коом аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүү» (AGECS) долбоорунун алкагында даярдалды

Смотрите также