Жаштыгым

Аткаруучулар: Денис, Жанета Обону: Сталбек Бактыгулов Сөзү: Шайлообек Дүйшеев Жаштыгым менин жазга айланып түбөлүккө жашайт канымда, Жүрөгүм сени, алдай албайт ишенемин, ишенемин сүйүү барына. Таң нуру болуп, таалай жолун (өмүр бою)2 бирге басалы, Тагдырым болгун махабатым жоогазындай ачыларында. Кайырма: Жадыра жазың барда, Жадыра күлүп жайна. Жалындай берсин жаштык, (Жаралбайт өмүр кайра). Өмүр кайра. Жаштыгым менин гүлдөй жайнап жаркыраган жайдын кечиндей, Күлүңдөп турган ошол сенин (жадыраган)2 сүйкүм кезиңдей. Гүлдесте кылып сага арнадым (чагылганга)2 күйүп кетээрде, Аязды билбес алоолонгон жүрөктөгү аруу сезимдей. Кайырма: Жадыра жазың барда, Жадыра күлүп жайна. Жалындай берсин жаштык, (Жаралбайт өмүр кайра). Өмүр кайра.

Смотрите также