Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Элестетип көрүңүз! Бир адамды шаардын чоңдугунчалык көлөмгө чоңойтушту дейли. Анын тамырлары сөз жок жолдун чоңдугунчалык кенен болоору талашсыз. Эми сизди дененин ичине алып кирип туруп, тамыр аркылуу кулака чейин, же жүрөкө чейин бар дешсе. Картасыз, жол белгилерисиз таап бара аласызбы? Өз шаарыбызда адашып араң жүргөн, атүгүл чоңураак имараттын ичинде адашып кеткен биз кулакты кайдан тапмак элек. Туурабы? Бирок таң калычтуусу денебизге келген элементтер акылсыз, эрксиз, күчсүз болгонуна карабай бара турган жайын эч адашпастан таап жатат. Эч кимден сурабастан жетип бара алып жатат. Эгерде сөөкө керек болгон элементтер көзгө а.э. көзгө керектүү болгон элементтер болсо сөөкө кетип калганда, анда көз сөөк сыяктуу катуу а.э. сөөк болсо көз сыяктуу жумшак болуп калмак! Бул болсо жашообуздун соңу дегендик! Элементтерге салыштырмалуу алда канча акылдуу, күчтүү, амалкөй болгон биз кыла албаган ишти акылсыз элементтер кантип кылып жатат?