Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Эл кызматында. Кыргызстандыктар бири-бирине кантип жардам берип жаткандыгы жөнүндө таржымалдар" Бишкек шаарынан 1000ден ашык чакырым алыстыкта жайгашкан Зардалы айылынын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, болгону башка айылдар менен туташтырган аска боорунан өткөн жалгыз кууш жана таштак жол бар. Кышкысын бул жол да жабылып, айыл эли тоо аралап жөө каттап калышат. Эми алыскы, унутта калган Зардалы айылы "Internet Society Kyrgyzstan Chapter" коомдук фондунун жардамы менен интернетке туташып, жашоо жанданып калды. Билим алуу, саламаттыкты чыңдоо, үй-тиричилигинде да абал жакшы жагына өзгөрдү. Күндөн электр энергия өндүрүү аракеттери да эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылып калар бекен деп үмүттөнүшөт айылдыктар. Экинчи эпизод. “Алыскы айылдарды аалам менен байланыштыргандар”Бул видео материал "Медиа Өнүктүрүү Борбору" коомдук фонду жана Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы менен биргеликте "Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign" долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалды. Бул видео “Салам” радиосунун интеллектуалдык менчиги. Аны колдонуу үчүн уруксат алуу зарыл, биздин e-mail жазыңыз. Уруксатсыз колдонгон учурда YouTube аркылуу арыздануу жөнөтүлөт. #CАЛАММЕДИА #САЛАМРАДИО #Cаламрадио Саламмедиа СаламБаткен #F1064 #Баткен #Сүлүктү #Лейлек #Разаков #Исфана #Кадамжай #Айдеркен #Хайдаркен #КызылКыя #Чекара #БаткенЖаңылыктары #Жаңылыктар #Аймак #Batken #Salamradio #Salam #Салам #Радио #Регионы #Өрүкзаар #Региональныеновости #Akniet #Акниет #КыргызРеспубликасы #Кыргызстан #Кyrgyzstan