Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Этиштин чактары - кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан мезгилге карата болгон мамилесин билдирген грамматикалык категория. Бүгүнкү сабакта сөз боло турган этиштин өткөн чагы – бул кыймыл-аракеттин, окуянын сүйлөнүп жаткан учурдан мурун болгондугун, же болбогондугун билдирген этиш сөздөр. Алар маанилик өзгөчөлүгүнө жараша өз ара дагы 2-Зтөн топко бөлүнөт. Сабактын жүрүшүндө этиштин өткөн чагы, анын мааниси жана ага тиешелүү грамматикалык формалар, аларды кепте колдонуу жолдору мугалим тарабынан даярдалган атайын тексттин жана тапшырмалардын жардамы менен түшүндүрүлөт.