Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Эфирдин жүрүшүндө Төрага бир жыл аралыгында сот тутумунун ишмердүүлүгүнө, Жогорку Сот тарабынан сот адилеттигинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытында көрүлүп жаткан чараларга, ошондой эле жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге байланышкан суроолорго жооп берди. Ошондой эле түз эфир учурунда угармандар өздөрүн кызыктырган суроолорун Төрагага беришти. Медербек Сатыев айтылган сын-пикирлерге дагы толук жооп берип, радио угармандарга көрсөткөн кызыгуусу, жакшы каалоо-тилектери жана оң пикирлери үчүн ыраазычылыгын билдирди.