Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
♦️«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» ЖЧКсы «Куланак» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда.
♦️«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» ЖЧКсы орнотулган кубаттуулугу 100 МВт болгон «Куланак» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. Курулуш аянты Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым ылдый жагында жайгашкан. Нарын дарыясынын гидропотенциалын максималдуу пайдалануу жана суу астында калуучу аймакты азайтуу максатында гидротехникалык курулуштардын төмөнкүдөй түзүлүшү каралган: • Дамба • Бурма сууну кабыл алуучу курулуш • Бурма канал • Оргутуучу бассейн • ГЭС имараты • Суу агып чыгуучу канал Суу алуучу жайдан бурма канал 6,5 чакырым узундукта дарыянын оң жээги аркылуу напордук-станциялык түйүнгө чейин жүргүзүлөт. ГЭСтин машиналык залында ар бири 25 мегаватт кубаттуулуктагы 4 гидроагрегат жайгашып, жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейинки экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрөт. Долбоордун негизги артыкчылыктары төмөнкүлөр: • электр энергиясына болгон ички суроо-талапты биринчи кезекте канааттандыруу; • экологиялык жактан таза жана ресурстарды үнөмдөөчү энергетикага өтүү; • өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо; • CASA-1000 долбоорунун алкагында Пакистан жана Ооганстанга экспорттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча кубаттуулуктарды түзүү.