92843 аскер бөлүгүнө 45 жыл

12-ноябрь 92843 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 45 жылдыгына карата аскер бөлүктө иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы полковник Руслан Мукамбетов катышып, кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларына баалуу белектерди тапшырды. Мындан тышкары иш-чарага Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Каныбек Апбасов жана айыл өкмөттөрү конок болуп, өздүк курмады аскер бөлүктүн түзүлгөн күнү менен куттуктады. Майрам соңунда өздүк курамы чалгындоо жана мыйзамсыз куралчан топторду жок кылуу боюнча эпизоддорду көрсөтүп, курал менен саптык ыкмаларды көрсөтүштү. Ошондой эле, курал -жарактар жана аскер техникалар көрсөтүлдү.

Смотрите также