Чоң-Каракол: Талкаланган мөңгү, мыйзамсыз жол, көмүр кени

Ош облусунун Алай районунун Чоң-Каракол айылындагы тургундар көмүр казуу үчүн келген компаниянын техникасын чыгарып кетүүнү талап кылууда. Буга чейин Башкы прокуратура көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салынганын, натыйжада 9 миң метр кубдан көп мөңгү талкаланганын билдирип, кылмыш ишин козгогон. Өткөн аптада “Кыргызкөмүр" ишканасынын эки жетекчиси кызматтан алынды. Чоң-Каракол айлына барып келген кабарчыбыз Даткабек Шабданбек уулу соңку жагдай тууралуу айтып берет. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также