ГАЗДАРДЫН КӨЛӨМДӨРҮНҮН КАТЫШ ЗАКОНУ

ГАЗДАРДЫН КӨЛӨМДӨРҮНҮН КАТЫШ ЗАКОНУ Газдык реакцияларда газдардын көлөмдөрүнүн катыш закону 1808-жылы Француз физиги Гей-Люссак газдык реакцияларда, газдардын көлөмүн изилдеп, төмөндөгүдөй натыйжага келген: ●Реакцияга катышкан заттардын бардыгы газ абалында болсо, реакцияга кирген жана реакциянын негизинде пайда болгон газдардын көлөмдөрүнүн бири-бирине болгон катыштары, анчалык чоң эмес бүтүн сандардын катыштарындай катышта болот. 1-таблицада газдык реакциядагы газдардын катыштары берилген. 1-таблица Газдык реакциядагы газдардын көлөмдөрүнүн катыштары Н2(г)+Cl2(г)=2HCl(г), 1:1:2 2Н2(г)+О2(г)=2Н2О(г), 2 : 1 : 2 3Н2(г)+N2(г)=2NH3(г), 3 : 1 : 2. CH4 + 2O2 = CO2 +2H2O 1 : 2 : 1 : 2

Смотрите также